www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 30-октябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Москва шаарында өтүп жаткан Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) 11-пленардык жыйынына катышты.

Пленардык жыйындын алкагында “Улуттук коопсуздукту камсыздоо тууралуу”, “Кескин маанилүү объекттердин коопсуздугу жөнүндө” жана “Терроризм менен экстремизмге каршы маалыматтык күрөш тууралуу” моделдик мыйзамдардын долбоорлору каралды.

Андан тышкары, интеллектуалдык ишкерчилик укугун коргоо чөйрөсүнө, ошондой эле террордук уюмдарды таануу маселесине тиешелүү ЖККУга мүчө мамлекеттердин мыйзамдардын жакшыртуу боюнча сунуштардын долбоорлору талкууланды.

Муну менен катар жыйын катышуучулары ЖККУга мүчө мамлекеттердеги эл аралык деңгээлдеги маанилүү коомдук-саясий, спорттук жана башка иш-чараларда коопсуздукту камсыздоонун нормативдик-укуктук жөнгө салуу Концепциясынын долбоорун карашты.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин делегациясынын курамында депутаттар З.Рысалиев менен И.Гайпкулов бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости