www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзүнүн куйкум сөздөрү менен соц тармакта таанымал актер, тамашоучу Актан Рыскелдиев аялына болгон мактоосун да, таарынычын да бир айтып алайын деген өндөнөт. Себеби ал акыркы постторунун биринде жубайы Ферузага арналган сөздөрүн жазган.

"Үйлөнгөндөн бери мен кандай гана тамак жеген жокмун. Ферузанын жоктон бар кылып койгон адаты бар. Тамакты аябай соонун жасайт. Аштан башкасын. Бирок, ушу күнгө чейин башкача дагы тамактарды жеп жүрдүм айла жок. Туп-туздуу борщ, күйгөн картошка, муздак чай, чийки аш, эзилип кеткен рожки, мурдагүнкү шорпо, жалжайып калган манты... Феруза билбейт бирок. Илибой тамагын мактап жейм да. Антпесе болбойт, - деп жазган тамашоучуга күйөрмандары актерго ар кандай пикирлерди калтырган.

Пикир жазгандардын арасында жубайы Феруза да тамашалап "Экинчи аял ал десем болбойсуң," - деди.

Жаштар ынтымакта бири-бирин колдоп, тамашаны түшүнүп, жубайы тамаша сөздөрдү кабыл ала билгени кубандырат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости