www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга парламент өзүн-өзү таратпаса, ачкачылык жарыялап же иш таштай турганын билдирди.

Бул тууралуу монголиялык телеканалдарга таянуу менен "Bloomberg" агенттиги кабарлады.

Буга чейин Баттулга парламентти экономикалык чакырыктарга каршы турууга "жөндөмсүз" деп сындаган. Президент Эл аралык валюта фондунан жардам сураганын, бирок өкмөт ага эч кандай колдоо көрсөтпөгөнүн айткан.

"Bloomberg" билдиргендей, Монголияда Баттулганын мындай аракети 2020-жылга белгиленген парламенттик шайлоонун алдындагы "саясий жүрүш" катары бааланууда. Президент жетектеген Демократиялык партия парламентте көпчүлүк орунга ээ болууну көздөп жатат. Учурда ал мандаттардын 25 пайызына ээ. Калган мандаттар башкаруучу Монгол элдик партиясына таандык. Жергиликтүү эксперттер президент мындан тышкары өз администрациясы үчүн көбүрөөк ыйгарым укук алууга аракет кылып жатканын божомолдоодо.

29-октябрда "2016-жылдагы шайлоо алдында берген убадалар аткарылбады жана мыйзам бузган" деген негизде парламентти мөөнөтүнөн мурда таркатууну сунуштаган.

Булак: "Азаттык"

Последние новости