www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган парламенттик делегациянын Түркия Республикасына болгон расмий сапары бир катар жолугушуулар менен уланууда.

Бул маалымат тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Төрага Д.Жумабеков 15-июнда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган жана Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен эки тараптуу жолугушууларду өткөрдү. Анда Кыргызстан-Түркия достук алакаларын бекемдөө тууралуу сөз болду. Андан сырткары, Стамбул шаарында Төрага Д.Жумабеков жана Жогорку Кеңештин депутаттары Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп менен парламенттер аралык кызматташуу маселелери боюнча кеңири форматта сүйлөшүү өткөрдү.

Жолугушууларда кыргыз тарап Түркия менен соода-сатык байланыштарын өнүктүрүү, Түркияга айыл-чарба өнүмдөрүн, айрыкча эт азыктарын экспорттоо мүмкүнчүлүктөрү, инвестиция жана мадания-гуманитардык кызматташуу маселелери козголду. “Буга чейин Кыргызстан менен Түркия бийик деңгээлдеги жолугушууларда эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн 1 млрд долларга чейин жеткирүү максатын койгон. 2018-жылы товар жүгүртүү көрсөткүчтөрү 394,5 миллион долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 10,8 пайыздан ашкан. Бирок, эки өлкөнүн парламенттери соода-сатык байланыштарыбызды мындан дагы ыкчам темпте өнүктүрүүгө өзүбүздүн салымыбызды кошушубуз керек. Бул маселени мен урматтуу Президент Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушканда да баса белгиледим”, - деди Төрага Д.Жумабеков.

Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Мустафа Шентоп өз кезегинде кыргыз парламенттик делегациясына расмий сапардын алкагында Түркиядагы “15-июлдук курмандыктарын эскерүү” иш-чарасына катышканы үчүн ыраазылык билдирди. “Кыргызстандык бир туугандардын колдоосуна терең ыраазычылык билдиребиз. Ал эми сиздер көтөргөн экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер жакында Кыргыз-Түрк өкмөттөр аралык атайын комиссиянын отурумунда кеңири талкууланат. Мен дагы түрк парламентинин жетекчиси катары бул маселелерге көңүл бурам. Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы байланыштар жакшы деңгээлде өнүгүп жатат. Айрыкча, парламенттер аралык кызматташуу, кыргыз-түрк парламенттеринин депутаттарынын достук тобунун кызматташуусу жакшы деңгээлге коюлганы бизди кубандырат”, – деди ал.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттардын Түркия Республикасына расмий сапары 15-июлдан 18-июлга чейин уланмакчы. Парламенттик делегациянын курамында депутаттар Алмазбек Акматов, Искандер Гайпкулов, Зиядин Жамалдинов, Төрөбай Зулпукаров, Канатбек Исаев, Талант Мамытов бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости