www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү Бишкектеги ооруканалардын биринде Ашырбек Темирбаев каза тапты. Бул тууралуу маалыматты өкмөттүк аппараттын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн жетекчиси Чыңгыз Эсенгулов билдирди.

Эске сала кетсек Ашырбек Темирбаев 1952-жылы 10-октябрда Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарында туулган. Ал 66 жаш курагында жүрөк оорусунан кайтыш болду.

Ашырбек Темирбаев бир нече мамлекеттик кызматтарды аркалап,  2012-жылдан бери өкмөттүн парламенттеги өкүлү кызматын аркалап келген эле.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости