www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Бишкек шаарындагы «Би Кей Медикеар» түштүк кореялык медициналык буюмдарды өндүрүү заводунун филиалынын ачылыш салтанатына катышты. Бул тууралуу өкмөттүк аппараттын басма-сөз кызматы маалымады. 

Вице-премьер-министр компанияны ачылышы менен куттуктап, өндүрүштү өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады.

«Бишкекте медициналык буюмдарды өндүрүү боюнча цехтин ачылышы биздин өлкөнүн жана Корея Республикасынын ортосунда эки жактуу мамилелерди мындан ары карай өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн жакшы башталыш болуп саналат», – деди ал.

Вице-премьер-министрдин айтымында, атамекендик фармацевтикалык рыноктун өзгөчөлүгү анын импорттон көз карандылыгы, ал эми дары-дармек каражаттарынын жана медициналык буюмдардын жылдык көлөмү 12 млрд сомду түзөт.

«Ошондуктан биз өз аймагыбызда дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүнүн потенциалын өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин мамлекеттин дары саясаты калкты сапаттуу жана жеткиликтүү баадагы медициналык дары-дармектер жана буюмдар менен камсыздоого багытталган», – деди ал жана бүгүнкү күнү жергиликтүү фармацевтикалык рынок динамикалуу өнүгүп, жумуш орундар түзүлүп, жыл сайын бюджетке жана Социалдык фондго чегерүүлөр көбөйүп, легалдуу рынок өсүп жана сапаттуу жана коопсуз дарыларды мамлекеттик көзөмөлдөө жакшырып жатканын баса белгиледи.

Вице-премьер-министр баса көрсөткөндөй, «Би Кей Медикеар» компаниясынын Евразия экономикалык биримдигинин фармацевтикалык рыногуна кирүүгө жакшы мүмкүндүгү жана келечеги бар.

«Компания  заманбап медициналык продукцияларды ишенимдүү жана сапаттуу өндүрүүчүлөрдүн арасынан татыктуу орунду ээлейт деп ишенем. Бүгүнкү күнү компания 50 жумуш ордун түздү, мындан ары 500 чейин жумуш ордун түзүү күтүлүүдө», – деди Жеңиш Разаков.

Маалымдама: Компания заманбап өндүрүштүк жабдуулардын негизинде жыл сайын ар түрдүү багыттагы 180 млн ашуун медициналык пластырь өндүрүүнү пландаштырууда.

Келечектүү пландарга ылайык «Би Кей Медикеар» компаниясы Кыргызстанда өндүрүлгөн медициналык продукцияларды жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттоону пландап жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости