www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индиянын Ассам штатында тынымсыз жааган жаандан улам суу ташкындары күчөдү. Жаратылыш кырсыгынан 800 миңден ашуун киши жабырланып, 6 киши дүйнөдөн көз жумган.

Азыр Брахмапутра, Беки, Бхарели, Дхансири жана Путимари дарыялары көтөрүлүп, аты аталган штаттардын 33гө жакын аймагын ээлеп алган. Жергиликтүү аба ырайын изилдөөчүлөр жаан аталган аймакта дагы 2 күн нөшөрлөй тургандыгын айткан.  

Андан сырткары чет элдик ММКлар мындай суу ташкыны Түштүк Азияда күч алып жаткандыгын жазып чыкты. Непал, Бангладеш жана Индияда суу ташкынынан улам 80 ден ашуун жаран көз жумса, Непалда 55 жаран каза тапкан. Ал эми 30 жаран жеңил жаракат алса, 30 жаран дайынсыз жоголгон.

Он миңдеген жергиликтүү тургундар үй-жайын таштап кеткенге аргасыз болушкан. Индиянын 4 штатында дарыялар кыркактан ашып, жарым млн жарандар кооптуу жайлардан эвакуацияланган. Ондогон кишилер суу астында дайынсыз жоголсо, Бангладешде 200гө жакын кыштактарды суу басып калса, 500 миңден ашуун жарандар өз үйлөрүн таштап чыгып кеткенге аргасыз болду.

Мындай согушу жок өлүм, жаратылыш кырсыгы акыркы айлары дүйнө жүзүн каптады.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости