www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун 1-сентябрь – Билим күнүнө карата куттуктоосу!

Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу мугалимдер, студенттер жана окуучулар!

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин атынан жаңы окуу жылынын башталышы, 1-сентябрь – Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм.  Бул күн бардык мугалимдер, студенттер, биздин сүйүктүү окуучулар жана алардын ата-энелери үчүн өтө маанилүү майрам.

Урматтуу мугалимдер!

Сиздердин талыкпаган, үзүрлүү эмгегиңиздердин акыбети менен келечек ээси болгон жаш муундар билимге сугарылып, билимдүү жана мекенчил атуул катары калыптанууда. Биздин окуучулардын сапаттуу жана татыктуу билим алуусу үчүн мамлекет бардык шартты түзүп берүүнүн аракетинде. Албетте, ары жоопкерчиликтүү, ары сыймыктуу "мугалим" деген ардактуу кесиптин ээси болгон Сиздерди Билим күнү менен куттуктайм. Күжүрмөн эмгегиңиздердин үзүрүн көрүп, окуткан окуучуларыңыздардын жетишкендиктерине күбө болуңуздар. Ишиңиздерди ийгилик коштосун. Келечектин туткасы болгон жаштарды тарбиялоо аркылуу мекен жүгүн көтөргөн атуулдарды өстүрө бериңиздер!

Урматтуу окуучулар жана студенттер!

Сиздердин бүгүнкү ийгилигиңиздер – мекендин эртеңки келечеги. Билимге умтулган сапардагы ар бир жеңишиңер, өнүккөн өлкө куруудагы алгачкы кадамыңыздар экенин эстен чыгарбаңыздар. Арийне, биз сиздерден "мыкты" деген баалар менен коштолгон окуудагы ийгиликтерди жана келечекке болгон жигердүү умтулууну күтөбүз. Майрамыңыздар менен кымбаттуу Кыргызстандыктар!

Урматтоо менен, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков

Булак: NazarNews.kg   

Последние новости