www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Сагызгандай сак Жапаров жегенин окшубай, эмнеге кулагын тикирейтип калды? Ыргыштап бараткан Жапаровдун кулагы жапырылып, эмнегедир бир нерсенин жытын искегенсип, кайсалаңдап турат. Акылбек Жапаров кемеге «катастрофа» болорун алдын-ала сезген келемишке окшоп чайналып тургандай. Трайбалист Жапаров 30 пайыз кыскартууларды жүргүзүүнү демилгелеп, буларга Бишкекте суутуп коюптурбу деп түштүктүн элине билгизбей кысым жасай баштаган. 2015-жылы «Бир болду» сүрөп убадаларын кат-каттап берген. Башка депутаттардын колунан эмне келет эле, бирок Жапаров «Өлбөс Кащей» сыяктуу «өлбөс финансы министри», көп нерсе колунан келмек. Бир гана анын жолу катуубу же дайыма элге жамандык кылууну каалап турабы, Жапаров финансы министри болсо кымбатчылык муунта баштайт. 2005-жылы биринчи ирет финансы министри болгондо ундун баасы асмандап кетип, инфляция ээ жаа-бербей кеткен. Жапаровду кызматтан алар менен ундун баасы түшүп, инфляция ооздукталган. 2011-жылы СДПКлаш «атакеси» кайрадан финансы министри кылат. СДПКнын штабын учурунда Жапаров жетектеген. Жапаров финансы министрин тейлей баштаганда Кытайдан карыз алуу башталган. Азыркы карыздар Жапаров финансы министри  кезинде жаралган. Үчүнчү ирет финансы министри болгондо да эл кымбатчылыктын сазына батты. Жапаров болсо шайлоого өз кишилериме сүрөөн кылам деп ойсолоктоп турат.

«Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй» -деп классик акын Жолон Мамытов таамай белгилеген. «Коррупционер өңү Жапаровдун өңүндөйбү» деген ой туулат, атасы казына таштап кетпеген Жапаров политехти бүтүп алып улам-улам минфин болуп, миллионерге айланды. Себеби, ким бийликте турса ошонун партиясына махабатын арнап жүрүп, ХИПК сыяктуу элге каршы программаларды колдоп, бир тыйын дегенде тоголонуп жүрдү. Сөзүбүз кур болбосун үчүн фактыга келели. Дагы кайталайлы, ал СДПК партиясында штаб башчысы болгон. Андан «Жаңы Кыргызстанга» секирди, аны сатып «Ак Жолго» кирип, бир саат болсо да премьер-министр болду. Таластын кыраандары «эмдеп» койолу деди эле, жоолук салынып алып катынча качып «эмделбей» калды. Иниси чала-була «эмделип» анысын акча менен сатып алды. Түз эле Куловдун «Ар-Намыс» партиясына кирип, Атамбаевдин убагында экинчи ирет минфин болгон. Эл артка кетти, Жапаров өз акчасын көбөйтө баштады. Мугалим, доктурлардын айлыгын бир тыйынга да көтөргөн жок. «Ар-Намыстын»  иши бүтөрүн келемиштей сезип «Бир болго» өткөн. «Бир болду» сызга отургузуп 2020-жылы «Мекеним Кыргызстанга» сызайын деди эле алар жолотпой койду. Эми чычкан аңдыган мышыктай бийликти мыкчып турган «доссекретарь» Ташиевдин «Ата-Журт» партиясынан көзү өтүп тургансыйт.

Кокус эми Таласка барса, анын кылып жаткан иштери үчүн таластыктар эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбеши чындык. Башынан “Кыргызалтындын” өзүнүн мамлекет башчыларына 300-400 миллион долларлык ставкасы бар. Бул Акаевден бери келаткан жөрөлгө. Азыркы бийлик буга көңүл бурууга чамасы жок. Азыр «Кыргызалтында» Акылбек Жапаров менен «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.  “Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ким бийлик башына келсе куда-сөөк боло калып, капчыгын калыңдатып, инилерин чоң мансапка жетелеген Жапаров Акылбек. Жээнбековдор менен куда болгону калганда ал бийлик кулап, Садыр Жапаровго кеңешчи боло калган. Аны майлайм деп бир-топ күн жоголуп кетип, аз жерден мамлекет башчысынын каарына калып кала жаздаган. Президентке кеңешчи болор менен бир инисин “ГСИНди” тейлетип көзү тойгон жок. Жапаров Акылбек инисин таластыктардан 240 миң долларга сатып алып, өзү аз жерден кулагына “бирка” бастыра турган убак артта калган.

Жапаров Акылбек  “Кыргызалтынды” чамгарактатып өзү билип, өтүгүн төргө илип калган. Акыркы мезгилде, “Кыргызалтын” акционердик коомун холдингге айлантабыз деген жыландын тили соймоңдоп чыга баштады. Албетте, бул жерде «Кыргызалтын» акционердик коомунун миллиардаган мүлкү жатат. Акылбек Жапаровдун «ал» деп койсо, жамбашын үзө тиштеген овчаркадай «99» наамында «Кыргызалтындын» менеджери бар. Азыр «Кыргызалтында» Акылбек Жапаров менен «99»дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости