www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орто-токой суу сактагычынан агызылган суу сарамжалсыз пайдаланылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев билдирди.

Учурда Чүй облусунда күздүк себүүнүн алдында сугаруу иштери улантылууда. Бүгүнкү күндө 18537 гектар айдоо аянтка сугат жүргүзүлдү. Бул пландын 50№ын түзөт. Жалпысынан республикалык айдоого чейинки сугат 35272 гектар аянтка же 41%га аткарылды. Биринчи октябрьдан тартып, кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июлундагы №372 токтому менен бекитилген суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифине ылайык, 1 куб метрге 1 тыйындан туура келерин эске алуу керек.

«Күзгү сугат иштери токтогондо дароо оңдоо иштерин баштайбыз. Жаңы скважиналарды чыгарганга жана эскилерин калыбына келтирүүгө аракет кылабыз. Обводной Чүй каналынын экинчи веткасын курганга биз Кытай Эл Республикасына заявкабыз кетти. Эгерде Кытай тарап макулдугун берсе, эмки жылы куруу иштерин баштайбыз. Андан сырткары биз Шамшы, Ашпара, Ак-Суу дарыясына суу сактагычтарды куралы деген оюбуз бар», -деди Алмазбек Сокеев.

Мамлекеттик суу ресурстары агенттиги бардык суу пайдалануучуларды Чүй өрөөнүнүн магистралдык каналдары аркылуу агып жаткан сугат сууларынан максималдуу пайдаланууга чакырат.

Эске салсак, «Кабар» агенттигинде күздүк эгиндерди айдоо алдындагы сугат иштеринин жүрүшү боюнча маалымат жыйыны болду. Пресс-конференцияга Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана региондук өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Алмазбек Сокеев жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Суу ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Суу чарба департаментинин башчысы Акылбек Сулайманов келип катышты.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости