www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депрессиянын үч негизги белгиси

Алгачкы белгилеринин бири уйкунун жана тамактануунун бузулушу менен байланыштуу. Түн ортосунда ойгонуу, тамактан баш тартуу же көп тамактануу көйгөйлөр жана негизсиз тынчсыздануулар депрессиянын башталышынан кабар берет, - деп жазып чыкты "Шамбала" гезити.

Маанайдын өзгөрүшү - бул экинчи белги. Эгер адам күнү бою өзүн башкача сезип жатса, анда ойлонууга негиз бар. Буга мезгил алмашуу да кирет. Жылдын белгилүү бир убакытында жалпы моралдык абалдын начарлоосуна да көңүл бөлгөн оң.
Үчүнчү белги — ангедония деп аталат. Ангедониясы бар адам жашоонун ырахатын сезбейт. Эгер даамдуу тамактар, жакшы чыгармалар, жагымдуу окуялар эч кандай кубанычтар туулабаса - анда адам жүз пайыз депрессия абалында жүргөнүн аныктайт.

Психиатрлардын пикири боюнча, дүйнө элинин 20 пайызы кем дегенде бир жолу депрессиянын белгилерин сезишет. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму белгилегендей, жер шарында 300 миллион адам чыныгы депрессия менен жабыркап келет. Бул жалаң гана тастыкталган маалыматтар - өкүнүчкө карай көптөгөн элдерде депрессия уят болуп саналат, ошондуктан көптөгөн адамдар адистерге кайрылышпайт жана тиркелишпейт. Мындай абалды убактылуу алсыздык деп санаган туура эмес, себеби минтип отуруп ал ооруга айланып кетүү коркунучу бар.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости