www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус тилдүү журналист Гульмира Тыналиева Айеркен Саймаити тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсү боюнча үн катты.

"Чындыгында, “Азаттыктын” ызы-чуу жараткан материалында эмне себептен Айеркен Саймаитинин 2014-жылы Ош аэропортунда орун алган карактоо ишине тиешеси бар болгондугу тууралуу бир дагы сөз козголгон эмес? Материалда көрсөтүлгөндөй, дал ушул Саймаити кытайлык бизнесмендерди 7 миллион долларга “отургузуп” кеткендиги тууралуу көрсөтүлгөн.

Ал эми анын Ош шаарынын чайханаларынын биринде айрым депутаттар менен чай ичип, даам сызып отургандыгы көптөгөн күмөн ойлорду жаратат. Саймаити дал ошол “багыттоочу-кабарчы” болгон. Маалымат үчүн ал өзүнүн үлүшүн алган. Бирок, Али Токтакунов эмне себептен анын жашоосундагы бул эпизод боюнча бир дагы сөз көтөргөн эмес?

Эмне себептен “Азаттык” буга чейин үн катпай отурат? Тескерисинче, эмнеге Эмираттарда Саймаити менен курортто бирге эс алып жүргөн коомго тараган фото, видеонун каармандары, депутаттар “Азаттыктын” эфирине кенен маек куруп, бардыгын Раим Матраимовго шылтап, мыйзамсыз каралап, жебени ага багыттап жатышат? Бул эмне? “Азаттык” атайылап Саймаитинин бизнес-өнөктөштөрүн жашырып жүргөнбү? Же иликтөөчүлөр чындыгында Саймаитинин мындай кызык жараткан байланыштарын билген эмеспи? Анда мындай иликтөөчүлөрдүн, Батька Лукашенко айтмакчы “на хрена” керек өзү?" - деп билдирди журналист Гульмира Тыналиева.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости