www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин кыргыздын бир кызы кыргыздарды ойготуп, тургузуп келгенин билебиз. Атасынын көрү, “Манастан Чубак кем бекен” дегендей, бүгүн, 20-ноябрда, таң атпай белгилүү коомдук ишмер, Турсунбай ажы Бакир уулу кыргыздарды ойлонтту. Тагырагы ал Фейсбук баракчасына тойдо тартылган бир шумдуктуу видеону жүктөп, кыргыздар жоголуп кетүү коркунучунда экенин эскертти.

“Чынында ойлонбосок, ыйманыбызга келбесек, пейилибизге кайтпасак, элибиз чоң коркунучтун алдында турат. Кылымды карыткан, кыйынчылыктарды дайыма жеңип келген улуу элибиз Орусиянын Сибирь жана Ыраакы Түндүгүнүн элдериндей жоголуп кетүүнүн алдындабыз.

Индия кинолору дайыма «хэппи энд» менен бүтөт, башка сөз менен айтканда - жакшылык дайыма жамандыкты жеңип чыгат...

Бирок!.. Биринчиден, биз индус эмеспиз - алхамдулилЛах, мусулманбыз! Экинчиден болсо, индустарга окшоп биз 1,8 миллиард калк эмеспиз - болгону 4 миллионго жакынбыз, анын да миллиону - сыртта эмгек мигранттары болуп жүрүшөт...”

Чынында ойлоно туруучу маселе. Ажыке мында таза кыргыздын санын алган окшобойбу. Тиги видеодо көрүнүп тургандай “жинди сууну” жуткан кыргыз, дайынын таппай, Кудай сактасын кырылып калса, ар бирибиздин ордубузду башкалар акырындык менен ээлери турган иш!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости