www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сариев жети жылга эркинен ажыратылды

“Иска строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариев 7 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунан кабарлашты.

Маалыматка караганда, Нарынбек Сариев “Алдамчылык” жана “Контрабанда” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Белгилей кетсек, “Иска строй” курулуш компаниясынын директору Нарынбек Сариевге алдамчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ага каршы өтө көп адам арыз жазган. Себеби, бул алдамчы директор курулуп жатат деп эле жок батирлерди сата берген.

Жыйынтыгынада, үй алам деп ичпей-жебей 30-50 миң долларын берип коюп, же үйдөн, же акчадан жок отуруп калышкан. 

Баса, бул аферист кезинде “Республика – Ата Журт” партиясынан Жогорку Кеңешке да аттанган. Бирок, жүздөгөн адамдардын убалына калган Сариевге парламенттен орун буюрбай калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости