www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз өкмөтү мамлекеттик ММКларды бириктирип, корпорация түзүү маселесин кароодо. Максат - бюджет чыгымдарын оптималдаштыруу. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште 2020-жылдагы бюджеттин долбоорун кароо учурунда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Мамлекеттик басылмалардын чыгымдарын азайтуу сунушу менен депутат Дастан Бекешов кайрылган, - деп жазып чыкты "Майдан.kg" гезити бүгүнкү чыккан санында.

- Мамлекеттик массалык маалымат каражатарына жумшалчу чыгашаны кыскарталы десек, силер тескерисинче ушул жылда 40 миллионду "Пирамидага", "5-каналга" берип атасыңар. Кийинки жылда 10,5 миллион доллар кетет экен. Ошонун ичинде "Кабар" агенттигине 22 миллион сом, "ЭлТР", "МИР" телеканалдарына 552 миллион сом, журнал-гезиттерге жана коомдук телеканалдарга 80 миллион сом жумшалат экен. Кыскартпайсыңарбы, ушуну!,- деп депутат каттуу айтты. Ал эми вице-премьер-министр Ал-тынай Өмүрбекова бул кыскартылгандан кийинкиси экенин, облустагы гезит-телеканалдар оптималдаштырылып, медиа-борбор катары түзүлүп жатканын айтып жооп берди.

Анын айтымында, "Кабар", "5-канал" жана башка мамлекеттик ММКларды бир корпорация катары түзүү каралууда. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов болсо июль айында мамлекет республикадагы 34 райондук гезитти каржылоону токтотуу ниетинде экенин айткан. Айтор, өкмөт мамлекеттик ММКларды оптималдаштыруу деген жүйө менен бириктирип же эки бутун бир кончко тыгып, аларга жумшалып жаткан каражатты үнөмдөп калууну көздөөдө. Ал эми мамлекеттин маалыматтык саясаты, идеологиясы деген сөз да жок.

Кыскасы, мамлекеттик саясат, президент менен премьер-министрдин жүргүзүп жаткан иштерин пропагандалоо, элге жеткирүү деген мүдөө, максат көрүнбөйт. Бул "реформанын" арты менен ондогон журналисттер менен техникалык кызматкерлер жумушсуз калуу алдында турушат. Ансыз деле мамлекеттик ММКларды эл көрбөй, окубай, укпай аткан учурда жеке менчик кесиптештерине демилгени алдырып, ыкчамдыктан да, материалдык жактан да артта калып, такыр эле жоголуп кетишпейби?

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости