www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы президентибиз Сооронбай Жээнбековдон саясий туткунга алынган Садыр Жапаровдун ырайым сураганын туура түшүнүү керек. Мындай пикирин КР жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, тележурналист Сонунбүбү Кадырова билдирди. 

Биринчиден, ал Жээнбековдун учурунда камалган жок. Мурдагы, адамды адам катары баалай албаган өзүмчүл, акыл-парасаты аз президенттин убагында күчкө салынып камалган. Элди эл дебей, баланы бала дебей чыркыратып террористти кармагандай кармап барып камаганынын өзү мыйзамсыздык. Эгер Жапаров чын эле күнөөлүү болсо, келгенде деле атайын чакыртып, күнөөсүн мойнуна коюп камаса болмок. Акмакчылыктын жеткен чегин көрсөткөн өлкө башчысы азыр түрмөдө да тайтаңдап эркелеп жатат. Бул адам кудайдын оозунан түшсө да өз жазасын эл катары алышы керек.

Экинчиден, мурдагы кеткен кемчиликтерди оңдоп, эл менен болом деген президентти түшүнөт, акты ак, караны кара деп, чындыкты таап берет деген зор үмүт менен кайрылып жатканы колдоого аларлык. Жөнөкөй адамга деле түшүнүктүү болуп турган ишти жакшылап карап, көз кырын салат деп кайрылды. Демек, Жээнбековго эл ишенет, аны өз адамындай көрөт деп түшүнсөк болот. Үчүнчүдөн, Садыр Жапаровдун ырайым сураганы Атамбаевди тымызын колдогондорго жакпай турганын байкоого болот. Себеби, Жээнбеков Жапаровго ырайым берсе эч кандай шылтоо табылбай, көчөнү чаңытып чыга албай калабыз деген коркунучтары бар.

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Өлкөнүн тынчтыгы үчүн, атамбаевчилердин жаагы жап болушу үчүн айыпсыз жаткан Садыр Жапаровго ырайым бериңиз. Эл ушуну каалап турат. Калдайган түндүк менен түштүк ушуну каалап турат. Биз тынч жана бакубат жашагыбыз келет. Душманга колтук ачпаңыз", деп билдирди КР жазуучулар союзунун мүчөсү, акын, тележурналист, "Энелер Жолу" коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Сонунбүбү Кадырова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости