www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Акыркы мезгилде “от алып” чаңында далай депутаттарды калтырып бараткан Экмат Байбакпаев эмки “байпагын” аркар-кулжа, тоо эчки, эликке кийгизгиси келгени билинди. Анын айтымында, жапайы ача туяктуу жаныбарлардын санынын кыскарып бараткандыгына жалпы коомчулук тынсызданышы зарыл. “Жапайы жандыктардын саны акыркы 20 жылда сезилерлик кыскарган”, - дейт Э.Байбакпаев. Белгилей кетсек, мыйзам долбоору аркылуу 2020-жылдан 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасынын баардык территориясында жапайы жаныбарлардын айрым түрлөрүнө – аркар-кулжага, тоо эчкисине, эликке, маралга, каманга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда.
Өкмөт аталган жаныбарларга тыюу салууну республика боюнча эмес, браконьерлик көп катталган жерлерди аныктап, ошол жердерге мораторий коюну сунуш кылды.
Талкуу маалында депутат Алмазбек Акматов жалпы мораторийге каршылыгын айтып, талдоо жүргүзүүнүн жыйынтыгы менен айрым региондорго гана киргизип, браконьерликке көзөмөлдү күчөтүп, аларга айып пулдардын көлөмүн жогорулатууну сунуш кылды. Жыйынга катышып отурган депутат Кенжебек Бокоев егерлердин жардамы менен броконьерлик күчөп жатат деген оюн ортого салды. “Браконьерликке каршы күрөштө курал сатуу боюнча тартиптерди өзгөртүү керек”, -деген депутат Асылбек Жээнбеков тыюу салуу менен маселе чечилбестигин, көйгөйдү кеӊири алкакта кароо зарылчылыгын айтты.
Жыйынга чакырылган аӊчылык уюмдарынын өкүлдөрү баяндамачы берген маалыматтар менен макул эместигин, жыл өткөн сайын аты аталган жаныбарлардын саны көбөйүп жатканын белгилеп, ага жараша браконьерликтин саны дагы кыскарып жатканын кошумчалады.
Талкуу жыйынтыгында ар кыл сунуштар айтылгандыктан, жапайы жаныбарларды коргоого багытталган бул мыйзам долбоорун жалпы жыйынга ачык сунуштоо чечими кабыл алынды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg