www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Эрнис Кыязов Ак үйгө барганын, капысынынан анын ашканасына да кирип калганын, андагы көргөндөрүн Фейсбуктагы баракчасына жазыптыр. Төмөндө аны толук беребиз:

"Капыстан ак үйгө кирип калдым. Капыстан ак үйдүн ашканасы тарапка баш бактым. Капыстан үч нерсе мээге тык этти:
1. Кыргыз тил неге өнүкпөй басмырланып жатканын түшүндүм.
2. Кыргызстандын тышкы карызына ак үйдү гана күнөөлөп жүрдүк эле, көрсө ак үйдөгүлөр деле ашканасына карыз экен...
3. Депутаттар гана тамактанчу вип-бөлмө неге бопбош тура берээрин кийинчерээк жазам...", -деп жазган Эрнис Кыязов.

Албетте, депутаттар го карызга жазылып тамак ичпесе керек, бирок, ал жердеги пол жуугуч, коопсуздук кызматкерлери, жардамчылар сыяктуу толгон-токой кызматкерлер убагында акчасын ала албай, анын айынан ашканага жазылган карызын убагында төлөй албай жадатканынан улам ашканага ушундай жазуу илинип калганбы деген ой кетет экен.

Ал эми тил маселеси боюнча өзүнчө сөз кылабыз...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости