www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткендеги куралдуу кагылышта майып болгон жарандарды "акча төлө" деп ооруканалар кабыл албай жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Карамат Орозова билдирди.

Анын айтымында, тажик тараптын кол салуусунан жаракат алгандар майыптыгы тууралуу комиссиядан өткөрүлүп, өзүнчө макам берилген эмес.

"29-30-апрелде майып болгондор көп кайрылууда. Макамдын жоктугунан ооруканага барганда көйгөй жаралып жатат. Алты айдан бери бир дагы комиссиядан өтпөптүр. Бул үчүн мыйзам чыгарыш керек экен, ага чейин өкмөттүн токтому менен болсо да макам берип, ден соолугу калыбына келгенче карап турбайлыбы. Болбосо ооруканага кезекте турушат же жата албайт, же анализ да тапшыра албайт. Барса "акча төлө" дейт экен. Алар мекен үчүн төшүн тосту го", — деди Орозова.

Эске салсак, быйылкы жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышуудан 36 кыргызстандык каза болуп, 100дөн ашык адам жаракат алган. 136 үй урандыга айланып, 15 социалдык объект жана ондогон бизнес объектилери талкаланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости