www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

G20 мамлекеттери мындан ары кааласа да, каалабаса да талибдер менен иштешип, атургай гуманитардык жардам берүүгө мажбур болууда. Бул тууралуу Италиянын демилгеси менен уюштурулган онлайн саммитте сөз болгонун ВВС жазды.

«Жыйында негизинен Ооганстандагы кырдаал тууралуу сөз болууда. Өлкө гуманитардык кризиске чукулдап калгандыктан, G20 мамлекеттери Ооганстандын жаңы бийлиги менен кызматташууга аргасыз.

Германиянын канцлери Ангела Меркель Ооганстанда хаос жаралышына эч убакта жол берилбеши керектигин айтып, бул өлкөнүн кыйроосу эч кимге пайда алып келбесин кошумчалады», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми АКШ лидери Джо Байден Ооганстанга финансылык жардам түз эле талибдердин колуна эмес, эл аралык уюмдар аркылуу берилиши керектигин айтты.

Саммиттин катышуучулары батыштын алдында өзгөчө оор тапшырма турганын белгилешти. Тагыраагы, алар көп өлкөлөрдө террордук деп эсептелген "Талибан"* уюмунан кыйгап өтүп, карапайым ооган элине жардам берүү керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен ооган элине биринчилерден болуп Кыргызстан кол сунду. Сентябрь айынын соңунда КРдин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулга барып, Талибан* өкмөтүнүн ТИМ башчысы Амир Хан Муттаки менен жолуккан. 

Президенттин маалымат кызматы Масадыков башында турган кыргыз делегациясы Кыргызстан элинин атынан Ооганстан Ислам Республикасынын элине гуманитардык жүк жеткиргенин кабарлаган.

Ооган бийлиги менен Өзбекстан, Казакстан жана Кытай кызматташууга даяр экенин расмий жарыялаган.

Ал эми октябрь айынын башында Орусия талибдерди Ооганстан тууралуу "Москва форматындагы" жолугушууга келип кетүүгө чакырды.

* — Кыргызстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм

Булак: NazarNews.kg

Последние новости