www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев “Айрым кесиптештер чек ара боюнча ызы-чуу салып жатышат” деп билдирди.

Анын айтымында, «бардык президенттердин тушунда чек ара маселеси Кыргызстандын аймактарын өткөрүп берүү жолу менен чечилген».

«Маркум Чубак агабыз айткандай, чек ара маселесин билбесеңер кийлигишпегиле, Акаевдин тушунда Кытай менен чек ара маселесин Үзөңгү-Куштун жардамы менен чечкенбиз. Бакиевдин тушунда Казакстан менен чек ара маселесин Каркыранын жардамы менен чечтик. Анан айрым кесиптештер ызы-чуу салып жатышат. Бул маселени мамлекет чечет. Тескерисинче элди ынтымакка чакырыш керек. Бул маселе күн сайын көтөрүлүүдө», - деди Кыдыкбаев.

Анын кесиптеши Адахан Мадумаров чек ара маселелерин мыйзам чегинде чечүүнү талап кылды. Ал Кыдыкбаевге аты-жөнүн билбейм деп жооп берди.

"Ушул кесиптештердин жашына жетип, бир нече чакырылыштарга кайра шайланышыңызга тилектешмин. Кеп эмне жөнүндө болуп жатат? Кеп өткөрөсүңөрбү же өткөрбөйсүңөрбү, баары мыйзам чегинде болсун деген талап болуп жатат. Ким дүрбөтүп жатат? Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруу бутагы болуп эсептелет. Биз Конституцияны тебелеп жатабыз. Эл маселени чечип бергиле деп суранып жатат. Баары мыйзам чегинде болуш керек. Комитеттин жыйынында кароону суранышты, бирок материалдарды беришкен жок», - деди Мадумаров ачууланып.

 

 

Последние новости