www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Манас» аэробекетиндеги айрым бажычылар ушунчалык кыйын болуп калышыптыр, жүргүнчүлөрдүн колундагы сааттын контрафактылык буюм экенин алыстан карап туруп эле аныктап, аны чечтирип алып текшерип, алардан «бирдеме» үмүт этет экен. Бирөөнүн колундагы сааттын жасалма же жасалма эмес экенин көзболжол менен кантип аныктай алат. Кыргызстанга күнүгө миӊдеген туристтер менен коноктор келип жатат, аларга ушундай мамиле жасаганыбыз уят эмеспи. Өкмөт андай «көрөгөч» бажычыларга карата тийиштүү чараларды көрүшү керек. Бул тууралуу депутат Элвира Сурабалдиева Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Алакан ушаламай жосунду өнөкөт кылып алган айрым жол коопсуздугун сактоо кызматчыларына карата да катуу чаралар көрүлүүгө тийиш. Алар айдоочуларды ар кандай шылтоо менен токтотуп алышып, ичкилик ичкенин-ичпегенин аныктайм деген шылтоо менен, бир сааттык алыс жолдо жайгашкан станционардык наркологиялык мекемеге алпарам, андан көрө убара болбой ушул жерден эле «чечишип алалы» дегендей шарттарды коюшат экен. Алкоголдук ичимдикке тесттик жабдуулар алардын жанында болушу керек да. Мындай немелерди жол коопсуздугун сактоо кызматына жолотпош керек», - деп кошумчалады депутат.

Последние новости