www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Эмиль Токтошев өлкөдөгү акыркы болуп жаткан саясий окуялар тууралуу пикирин билдирди. Ал бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мекендештер!
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты катары өлкөдөгү соңку саясий процесстерге байкоо салып, эми эмне болот деп менден сурагандарга өз пикиримди билдирүүнү туура көрдүм.

Дүйнөлүк тажрыйба көрсөткөндөй, мамлекеттик системасы бекем өлкөлөрдө, бийликтеги жеке адамдардын же өкмөттүн алмашуусу жалпы туруктуулукка жана өнүгүү багытына таасир этпейт. Биздеги акыркы окуялар болсо, тилекке каршы, мамлекеттик механизмибиз дагы деле тышкы жана ички чайпалууларга туруштук берүүдө алсыз экенин көрсөтүп койду. Бул баарыбыз үчүн олуттуу коңгуроо.

Мындай кризистик учурда мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун эмоционалдык чечимдерге алдырбай, кырдаалды сабырдуулук менен көзөмөлгө алганы, өлкө коопсуздугу үчүн маанилүү фактор болду.

Менин жеке көз карашымда, азыркы тапта башталган ири экономикалык жана стратегиялык долбоорлорду үзгүлтүккө учуратпай, аягына чыгаруу менен Кыргызстандын келечектеги суверенитетинин кепилдигин арттырабыз.

Ошондуктан, мамлекеттин багыты туруктуу болушу үчүн учурдагы бийликке башталган иштерди логикалык жыйынтыгына жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүү зарыл.

Өткөн окуялар баарыбызга сабак болушу керек. Саясий амбициялардан мамлекеттин кызыкчылыгын өйдө коюп, туура жыйынтык чыгарабыз деп ишенем", - дейт ал.

Последние новости