www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыркы учурда интернет маалымат алуунун, билим берүүнүн жана байланыштын негизги каражаты болуп калды. Бирок айрым өспүрүмдөр интернет ресурстары аркылуу радикалдык уюмдарга кабылып жатышат, тактап айтканда, терроризмге жана экстремизмге. 

 Дистанциялык радикалдашуу – бул социалдык тармактар, мессенджерлер жана башка онлайн платформалар аркылуу жашы жете электердин аң-сезимине таасир этүү жолу менен мыйзамга каршы жана зордук-зомбулукту актаган көз караштарды калыптандыруу процесси.

 Дистанциялык радикалдашуу жашыруун түрдө жүрөт. Өспүрүмдөр интернет аркылуу мыйзамга каршы үндөгөн материалдарды алып, аларды даңазалап, радикалдык идеологияны кармана баштайт. Айрым учурларда өспүрүмдөр интернет аркылуу жардыруучу түзүлүштөрдү даярдоону, башкача айтканда, өз алдынча жасалган жардыруучу түзүлүштөрдү колдонуу ыкмаларын үйрөнүшү мүмкүн. Ошондой эле укук коргоо кызматкерлерине каршы кол салуу чакырыктарга туш болушат. 

 Мисал катары айтсак, акыркы 6 ай аралыгында өспүрүмдөрдүн интернет аркылуу террористтик уюмдарга азгырылгандыгы боюнча УКМК тарабынан бир нече фактылар аныкталган. Алардын биринде өспүрүмдөр террористтик акт жасоого даярдык көрүп, жардыруучу түзүлүштөрдү жасоону өздөштүрүү стадиясында болсо, экинчилери жардыруучу түзүлүштү жасоо стадиясында кармалган. Бул көрүнүштөр өлкөнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч туудуруп, мамлекеттин, коомдун тынчтыгына эбегейсиз зыян алып келиши мүмкүн.  

 Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүкө катышуу, аны жайылтуу же ага көмөк көрсөтүү үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Мындай аракеттер жашы жете электердин өздөрүнө гана эмес, алардын ата-энелерине жана жакындарына олуттуу укуктук жана моралдык кесепеттерди алып келет.  

 Ата-энелер жана коом өспүрүмдөрдүн интернеттеги жүрүм-турумуна көңүл буруп, алар менен ачык баарлашуу жүргүзүүсү зарыл. Шектүү контент же жүрүм-турум байкалган учурда тиешелүү органдарга маалымдоо маанилүү. 

 Тактап айтканда, ата-энелер төмөнкү өзгөрүүлөргө көңүл буруусу зарыл:

- интернет оюндарына болгон активдүүлүгү күчөгөнү; 

- жүрүм-турумдун кескин өзгөрүшү;

- үй-бүлө жана достор менен байланыштан алыстоо;

- диний агрессивдүү же радикалдуу көз караштарды билдирүү;

- белгисиз адамдар менен жашыруун онлайн байланышуу;

- күмөндүү сайттарга же жабык топторго кызыгуу;

- ата-энесине, бир туугандарына агрессия көрсөтүү; 

- зордук-зомбулукту актаган билдирүүлөр орун алганда.

Бул белгилердин жыйындысы эмес, алардын ичинен кайсы бир белгиси байкалган учурда кайдыгер болбоо маанилүү. Эч ким мындай коркунучтан толук камсыздандырылган эмес, эч кимде кепилдик жок. Ар бир ата-эне бүгүнкү күндөн тартып өспүрүм балдарынын интернеттеги аракеттерине көңүл буруп, алар менен ачык сүйлөшүп, көзөмөл жүргүзүүсү зарыл. 

 Балдардын кооопсуздугу – жалпы жоопкерчилик, баарыбыздын милдетибиз. Биргелешкен аракет менен биз жаш муунду терс таасирлерден коргойлу. 

Радикалдашууга жол жок. Балдарыбыздын келечегин коргойлу. Кайдыгер болбоңуз. Балдарыңызды коргоо – бүгүнкү күндүн эң маанилүү милдети. Эртең кеч болуп калат. Ар бир жоготулган убакыт тобокелчиликти көбөйтүп, кесепеттери бизге гана эмес, келечегибизге да таасир эте турган коркунучтарды алып келет. 

Жогоруда көрсөтүлгөн фактылар өспүрүмдөрдө байкалса, УКМК жергиликтүү түзүмдөрүнө тез арада кайрылууга чакырабыз. 

 

Последние новости