www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аркы өйүз менен берки өйүзгө чапкылап, кээде элдин кыжырын кайнаткан сөздөрү менен таанымал депутат Ирина Карамушкинанын айткан сөздөрүнө, жасаган иштерине саресеп салчу мезгил келди. Атамбаев доорунда алды-аркасын карабай чапкылаган бул айым алдыда далай чуу чыгарчудай.

Карамушкинанын мас айдоочусу эки адамды сүзүп, бири каза тапкан...

Бул окуя 2012-жылдын 26-февралында Бишкек-Торугарт автожолунун 67-чакырымында катталып, 70 жаштагы карыя А. Кутманалиев каза болуп, 35 жаштагы А. Матиев оор жаракат алган. Депутаттын мас айдоочусу Алексей Хурасёв окуя болгон жерден качып кеткен. Чүй райондук соту аны оор кылмыш жасагандыгына карабай 2 жылга шарттуу түрдө камоо боюнча чечим чыгарган. Жабырлануучу тараптын материалдык чыгымдарды төлөп берүү боюнча арызы каралган эмес. “Kloop.kg” журналисттеринин иликтөөсү боюнча кийинчерээк Чүй райондук соту А. Хурасёвго карата “Мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу” кылмыш ишин токтоткон. Айдоочу кырсыкты атайлап жасаган эмес, кокусунан болуп кеткен деген шылтоо менен бул иш оор кылмыштардын катарына кирбей калган (оор кылмыштардын эскирүү мөөнөтү 10 жылга чейин созулат). Буга чейин тараган айдоочунун 2 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылгандыгы тууралуу маалымат да  четке кагылган. “Кырсык учурунда Ирина Карамушкина автонун ичинде болгон” деген маалыматты жазып чыккан “24 kg” агенттигин депутат сотко берип, бирок, ал иш айдоочусу акталганга чейин токтотулган.

“Адам өмүрү Карамушкина үчүн түккө турбайбы?” деп аталган макалада жабырлануучулардын адвокаты К. Жайлообаев маалымат жыйынында 6 жыл мурдагы окуя боюнча экс-прокурор А. Салянова менен И. Карамушкинаны жоопко тартуу тууралуу айткандыгы жазылган. Карамушкина - “Андай болчу болсо 2012-жылы канча жол кырсыгы болгонун карап чыгуу зарыл. Эмне үчүн менин айдоочум катышкан жол кырсыгы гана каралышы керек? Керек болсо жол кырсыгына жогорку даражадагы чиновниктер өзү катышкан учурлар да бар. Жактоочулар Кеңеши тигил адвокаттын лицензиясын алып салууга ниеттенип жатышат.” – деп оозду ачырган. Депутат айымдын “Эмне үчүн менин айдоочум катышкан жол кырсыгы гана каралышы керек?” – дегенин кантип түшүнсө болот? Бул кылмыш иши мурдагы президент А. Атамбаевдин бийлиги учурунда каралып жабылган, ал эми Ирина айым “шептин” ишенген кожосу болгон.

Бабанов Карамушкинаны 5 миллион сомго сотко берип...

Эске сала кетсек Ѳмүрбек Бабанов беделине шек келтиргендиги үчүн деп Карамушкинадан 5 миллион сом өндүрүп берүү боюнча доо арыз менен Свердлов райондук сотуна кайрылган. Доогердин пайдасына Карамушкинадан 250 миң сом төлөп берүү чечими чыгарылган. Буга депутат айымдын Адина Турдубаеванын “Бабанов тирүү турганда түрмөдө чирип өлөм” деген сөзүн ылгабай туруп тараткандыгы, анын курулуш бизнесин Бабанов тартып алгандыгы менен айыптагандыгы негиз болгон. Карамушкина баканооздугунун азабын ар дайым тартып келген айымдардын алдыңкы сабында турат.

Жума намаз окуган чиновниктерди тартипке чакырып...

Ирина Карамушкина катардагы ашыкча секириги жума намазынын айынан мамчиновниктер жумуш ордуларына кечигип келип жаткандыгы тууралуу парламентте билдирүү жасаган. Буга байланыштуу Руслан Бекназаров (Азимбек Бекназаровдун уулу) депутатты мандатынан ажыратуу боюнча кайрылуу (петиция) уюштуруп жиберген. Бирок, депутат айым айткан сөзү боюнча куугунтукка алынбаш керектигин билдирип, Руслан Бекназаровду беттен алып, акаарат сөзүн жолдогон:

“Мен элдин атынан сүйлөймүн. 2010-жылда курман болгон балдардын бейнесин кордогон, Ош окуяларында өлүмгө шектелген Руслан Бекназаров деген бирөө, бүгүн конституциялык түзүлүштү алмаштырууга чакырып жатат. Муниципиалдык кызматкерлерди мыйзамга баш ийбѳѳгѳ жана мени мандатымдан ажыратуу боюнча үгүт жүргүзүп келет. Ага радикалдык көз караштары, коркутуу боюнча, мамлекеттин мыйзамдарына баш ийбөөгө чакыргандыгы үчүн, ошондой эле диний, радикалдык уюмдарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүнү талап кылам. Эгерде ага кошулгандардын арасында муниципиалдык, мамлекеттик кызматкерлер, мамлекеттик ЖОЖдордун студенттери болгон болсо, аларга да мыйзам чегинде чара колдонулушу зарыл!”

Ушинтип депутат айым жума намаз боюнча кѳтѳрүлгѳн маселени “кебез менен муунап”, Руслан Бекназаровдун “эки бутун бир кончко тыгып” койгон. Өлкөдөгү калктын басымдуу бөлүгү мусулман экендигин эске албай, алардын дин тутуу эркиндигин, укугун сыйлабаган Карамушкинага кыжыры кайнагандар болду.

Жакында “Ислам изилдөө илимий институту” жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгын чала окуп алып, “Кыргызстанда жаштардын арасында “Таблиги Жамаат” тобунун аброю өсүп жатыптыр, буга  УКМК кѳӊүл бурбайбы?!” - деп Парламент жыйынында айтып чыкты. Маселе институт тарабынан жүргүзүлгѳн сурамжылоого катышкан Кыргызстандын жаштарынын “Сиз ислам дининин кайсыл тобуна жан тартасыз?” деген суроого 45 % - “эч кандай”, 16 % - “Таблиги Жамаатка” деп жооп бергендигине байланыштуу келип чыккан. Өзүӊүздөр көрүп тургандай “Таблиги Жамааттын” аброю канчалык экендигин 16 % деген цифра так көрсөтүп турбайбы?  Депутат айым муну тереӊ аӊдабай туруп, көнгөн адатына салып, ЖК трибунасынан популисттик билдирүү жасаган. Бул аракети менен Карамушкина өзүн азыр да Атамбаев заманындагыдай сезип, “көзгө илинер көзүр” санап алып, күч органдарына көрсөтмө берип жаткандыгын кандай түшүнсө болот?

Карамушкина менен Аманкуловго Украинага барууга тыюу салынды...

Буга депутат айымдын Марат Аманкулов менен Крымга болгон жеке сапары жана “Фейсбук” баракчасына жазган посту себеп болгон. Анда “Кыргыз депутаттары Крымда болуп кайтышты. Демек – Крым биздики дагы!” – деген жазуулар жүрөт. Крымдын аннекцияланышына 100 чакты өлкө каршылык билдирсе, Кыргызстан орто позицияны сактап, добуш бербей келе жаткан. Сыягы Карамушкинаны кыргыз дипломатиясынын кызыкчылыктары кызыктырбайт окшойт. Орусия менен Украинанын ортосундагы талаш бул аймакка Кыргызстандын биринчи бийлиги болуп саналган Парламент депутатынын барышы дипломатиялык жактан осолдук болуп гана  саналбастан, эки мамлекеттин ортосуна от жагуу аракети да эмеспи? Депутаттын бул жоругу “Ѳзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем” дегенге барабар го?

 “Алмазбек Атамбаевди кандай гана тилдешпеди. Ал ырдайт, антсе деле жакпайт...”

“Адилет” укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Башпрокуратура менен Парламентке Карамушкинага чара көрүү боюнча кайрылган. Анын айтуусу боюнча, депутат айым А. Атамбаевди сындагандарга УКМК чара көрүүсүн талап кылгандыгы, кызмат абалынан ашкере пайдалангандык болуп саналат (2017-жыл, январь). Азыр экс-президентти колдоп, аны актап-жактаган бир эле ушул Карамушкина болууда. Деги, экс-президенттин “жеке коргоочусуна” айланып чыга келген Карамушкина менен Атамбаевдин ортосун жакындаткан кандай мамиле болушу мүмкүн?!...

Мурдагы депутат Жылдыз Жолдошева Карамушкина жѳнүндѳ...

Жылдыз Жолдошева “Эгер Ирина Карамушкинага ак калпак, кыргыздын баатыр энелери, мамлекеттик тил жакпаса Кыргызстандан чыгып кетсе болот. Ал системалуу түрдө Кыргызстанга сүйүүсү жоктугун билдирип келет. Кыргызстандын аскерлери орус тилин билбейт деп даттанат” – деп билдирген. Бул Карамушкинанын Атамбаев бийлиги учурунда К. Ташиевдин камалышына байланыштуу уюштурулган энелердин митингин “фашисттерге” салыштырганда айтылган сѳз. Ирина айымдын чет өлкөгө барганда “Калпакты баняга киргенде кийсе сонун болот” деген сөзү бүтүндөй улутубуздун ыйык болуп саналган баш кийимин тебелегендик болуп саналат. Ал ушундай ээноздугу менен кыргыз коомчулугунун кыжырын кайнаткан. Карамушкина 1 жолку БШК, 3 жолку ЖК депутаты болгон. Эл ѳкүлү “Кыргыз тилин 3 жылдан бери үйрөнүп жатам, бул мен үчүн кайф” деген менен кыргызча бир ооз да сүйлөй албайт.

“Даӊк” медалы кайсыл “даӊкы” үчүн берилди?

Карамушкина КМУнун Тарых факультетин бүтүргөн. Пионервожатый, комсомолка, тарых мугалими, тарбиячы завуч, 1995-ж. КСДПга мүчө, 2004-ж. БШК депутаты, 2007-ж. тартып Жогорку Кеңештин IV, V, VI чакырылыштарынын депутаты, 2010-ж. Убактылуу Өкмөттүн Билим берүү министринин убактылуу орун басары болгон. Чини – Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы кеңешчиси. Сыйлыктары – Билим берүү тармагына байланыштуу Ардак грамота, 2011-жылы 28-февралда Президент А. Атамбаев тарабынан “Даңк” медалына, 2011-жылы 4-апрелде ошол эле А. Атамбаев тарабынан “Апрель элдик революциясынын баатыры” төш белгисине ээ болгон. Деги, апрель окуяларында Ак үйгө чабуул коюлган учурда окко учкан кайран жигиттерди сүрөп, “ураалап” ураан чакырып, тытырап атылган окко төшүн тоскон “Баатыр Карамушкинаны” көргөн жан барбы?

Депутат катары кандай мыйзам иштеп чыкты?

ЖК V чакырылышында бир топ депутаттар менен бирге Ирина айым: Тамеки чегүү ден соолукка зыян; Президенттик шайлоо боюнча мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү; Кылмыш жаза кодекси жана Кылмыш жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзамдарга шыкакчы болгон. Мындан башка мыйзам жазгандыгы тууралуу маалымат жок.

Карамушкина Түрк мектебине жабылган жалааны Жогорку Кеңеште кайталады

Жал кичи районунда түрктөрдүн балдары окуган мектептин директоруна жабылган жалааны Түркиядан атайын комиссия келип иликтеп жатат. Биздин укук коргоо кызматкерлери да четте турган жок, окуяны иликтөөгө алды. Жанна атуу айымдын “балама ыдык көрсөттү” дегени далилденеби, же жалаа жапкандыгы ачыкталып калабы, иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөтөт. Ал эми учурду текке кетирбеген Карамушкина болсо бул билдирүүсү аркылуу Кыргыз – Түрк мамилесине чоӊ доо кетирди. Бул сөздү базардагы бир аял айтса, айтты да койду демекпиз. Эл шайлаган депутаттын Парламент трибунасынан туруп алып созуп жатканы, боордош эки элдин ынтымагына атайлап жарака кетиргендикке барабар.

Карамушкина бизге эмне жасап берди?

Кыргыз дипломатиясына, калпагына, энелерге, тилге, ислам динине, кыргыз-түрк мамилесине, министрлердин, мэр, депутат кесиптештеринин беделине шек келтирген, 3 жолу ЖК депутаты болуп жарытылуу мыйзам жазбаган, КСДПнын “пионер вожатыйы”, эркектердин арасынан “Баатыр ата” издеген, майып бала баккан жалгыз бой энелерге “кеңеш” айткан, мас айдоочусу кишини сүзө өлтүрсө камалбаган, орус жана кыргыз тилдүү ЖМКлардын сүйгүнчүктүү кытмыр жылмаюусуна ээ болуп келе жаткан Ирина Карамушкина деген ким өзү?...

Депутат айым фактыларды талдабай, ар тараптуу иликтебей туруп коомго жая берет. Эл өкүлү катары кыргыз дипломатиясына, ислам дининин өкүлдөрүнө, бир тууган элдердин ынтымагына шек келтирген учурларын жогоруда фактылар менен келтирдик. Кыргыз депутаты болуп туруп, Кыргызстанда жашап жатып, оң-сол сүйлөй берген кебинин айынан калың калктын арасында Карамушкинанын аброю ылдыйлап келет.

А. Таштемиров, NazarNews.kg

(Маалыматтар: “VB”, “Super kg”, “Sputnik”, “Kloop kg”,  “Азаттык”, “24 kg”, “Vesti kg”, “Jele kg”,  “Kabar” маалымат булактарынан пайдаланылды.)

 

Последние новости