www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кувейттин бизнесмендери Кыргызстандын бийик имараттарына же музейлерине эмес, кооз табиятына, суулары менен жайлоосуна кызыгат. Бул тууралуу жакында аталган мамлекетке кыргызстандык жоон топ делегацияны жетектеп, «Кыргызстандын Кувейттеги маданият күндөрүн» өткөрүп келген КРнын маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов айтты.

“Алардын кызыккан жерлери албетте, Кыргызстандын кооз жерлери. Тоолордун арасы. Капчыгайлар. Суулар. Алар бизге музейлердин кереги жок, тарыхий жерлерди кыдыруунун кереги жок, бизге ушундай табият керек, ошол табияттын ичинде 10 күн же 20 күн жашап кетсек эле, абдан чоң канааттануу алат элек деген ойлорду билдирип атышат. Анткени муну биздин Кырчын, Суусамыр жайлоолорубузга арабдардын көп келе баштаганынан байкаса болот. Бирок алар шарттарга көңүл бураары анык. Ошондуктан, биз экотуризмди жолго коюшубуз зарыл. Мисалы, ошол эле тамак-аштар, кызмат көрсөтүү стандартташтырылыш керек. Шарттарды жакшылап түзсөк эле, араб мамлекеттеринен көптөгөн туристтик агым келчүдөй”,- деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости