www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башыга Жогорку Кеңештин депутаттары Рыскелди Момбеков, Жунус уулу Алтынбек, Жанар Акаев 18-майда иш сапары менен келип эл менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн угушту. Жолугушуу учурунда жол, таза суу, электр энергиясы, мектеп, жер, чек ара жана башка көйгөйлөр айтылды. Жолугушуу учурунда Рыскелди Момбеков Терек-Суу айылынын тургуну, айылдык кеңештин депутаты мугалим Белек Төлөгөновго кол саатын берди. Эл өкүлү: "Саатымды сурадың, дагы жакшы, бул жактагы эжелер шакегимди сураган жок.

Биринчи жолу ыңгайсыз абалга туш болдум. Оңго барсам атым өлөт, солго барсам өзүм өлөм. Сен дагы мендей депутат бол, мен сага саатымды таштап кетем" - деп, саатын сураган жигиттин шагын сындырбай айкөлдүгүн көрсөттү. Дал ушул күнү депутаттар Кочкор районунун Чоң-Туз айылынын тургундары менен жолугушуп, Чоң-Туз ден соолукту чыңдоо санаторийи жана туз өндүргөн шахтанын абалы менен таанышып, жергиликтүү эл менен инвестордун ортосундагы чырдуу, талаш-тартыш маселеге мыйзам чегинде көмөк көрсөтүшөөрүн убада кылышты.

Айткамчы, "Кактус Медиа" маалымат агенттиги "эл кийинки парламенттен кайсы депутатты кайра көргүсү келет" деген аталышта сурамжылоо уюштурган. Анын алкагында сурамжылоого катышкан жарандардын 70 пайызы Рыскелди Момбековдун кайрадан депутат болуп келүүсүн каалай тургандыктарын билдиришкен. Алар Рыскелди Момбековду чынчыл, принципиалдуу жана элдик депутат катары өзүн татыктуу көрсөтө алганын кошумчалашкан.

Булак: "Фабула"

 

Последние новости