www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев "Жеткиликтүү турак жай 2015-2020" программасын ишке ашыруу боюнча кеңешме өткөрүп, мамлекеттик ипотекалык компанияга 500 миллион сом бөлүү жөнүндө буйрукка кол койду. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков ипотека боюнча пайыздык үстөктү 6 %га чейин кыскартуу тапшырмасын койгон.
Өкмөт башчы пландалган иш ушул жылдын күз мезгилине чейин жүзөгө ашарын билдирди. Учурда ипотека алуу үчүн 5 миңдей жаран тизмелик кезекте турат. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетекчиси Бактыбек Шамкеев өкмөт бөлө турчу жарым млрд. сом жетпестигин, кошумча каражат жарым жыл ичинде чечилерин белгиледи.
Булак: "Фабула"