www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Же АЛИ МАс түрмөдө отуруп дайындап койгон журт башчыбы... Анын ар бир айткан сөзүнө сереп салчу болсок, жер тыңшаар Мамытыбыз да, баарын чеччү "Сезип ачылчы" да ушул сыяктанат. Мисалга, КСДП партиясынын ФБгы баракчасына ал ашык-кеми жок минтип жазыптыр:"Чек ара маселесин чечүү мамлекеттик саясаттан эмес, ошол коңшу мамлекеттер менен болгон алакадан". Таппасаң сыйпалап кал! Андан ары бул өзүн "кыйын-сөзмөр" деп эсептеп алган неменин логикасын ээрчисек, көрсө тажик бийлиги бүгүнкү өкмөт менен деле сүйлөшкүсү келбейт имиш. Тоготпойт имиш... Шылтоосу Жеңиш Разаковдо тура. Акыркы эки жылда 2 метр жердин тагдырын чечпеген өкмөт да өкмөтпү... мына ушунадай тыянак чыгарып жерди тепкилейт десең... Эмне кылуу керек деген соболго да, ал шол замат жообун таап, Разаковдун ордуна кылмыш иши козголуп, иши сотко өткөн Курсан Асановду бошотуп туруп алып келип койсо эле, баары гүлдөйжан.-болот экен... Байкадыңарбы, АЛИ МАСтын алыска ыргытылган аргамжысын. Ким билсин, булар дале баарыбызды келесоо деп ойлоп жүрөт сыягы. Шефи жети жыл бийликте туруп, Момбеков парламентте сагызгандай шакылдап атып эки эмес, жарты метр жердин тагдырын чечпегенин унутуп калганы да алардын "ит жүрүшү". Баарыбыз келесоо болгон соң, ушул акылдуулар чечет окшойт... Мейли, ага деле "хоп майли" дейли..Эми тажик бийлиги кыргыз бийлигин тоготпой, сүйлөшпөйт деп Момбековго ким айтты: президент Рахманбы, же премьер-министриби? Кызыгы, Разаковду тажиктердин тыңчысы деп сөөмөй кезегендер толтура, мына сага, ошол тыңчы сен болуп жүрбө.. Анткени, мындай сөздү көрүнгөн эле адамга айта беришпейт да тажиктер. Ойлонуп көрбөйлүбү?

Просто Шер

Булак: “КабарИнфо”

Последние новости