www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маалыматка ылайык, президенттик администрациянын Москвадагы имаратынын алдында Конституцияны өзгөртүүгө каршы пикеттер башталды. Бул тууралуу “МБХ Медиа” жазып чыкты.

Пикет акциясын жергиликтүү депутат Илья Азар уюштурууда. Ал өзүнүн "Фейсбуктагы" баракчасына Путин конституциялык алмашууну жасаганын жазып чыкты. Мыйзамга ылайык жалгыз пикеттер бийликтен уруксат алууну талап кылбайт.

Путин өз сунушунда бийлик бутагындагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү, Жогору жана Конституциялык сотторду кызматтан алуу укугун киргизүүнү демигелеген. Бул 1993-жылдагы Конституцияны кабыл алуудан берки Орусиянын тарыхындагы эң чоң саясий реформа болуп калмакчы.

Ал эми, президент Владимир Путиндин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт жана Конституция ага талапкерлигин кайрадан жылдырууга мүмкүнчүлүк бербейт. 

Эске салсак, 15-январда Россиянын Дмитрий Медведев жетектеген өкмөтү отставкага кеткен. Бул кадамын Медведев Путиндин демилгеси менен Конституцияга киргизилип жаткан өзгөрүүлөргө ылайык өкмөт президенттин тийиштүү чечимдерди кабыл алуусуна мүмкүнчүлүк берүү тилеги менен түшүндүргөн.

Көп өтпөй президент Владимир Путин премьер-министр кызматына Федералдык салык кызматынын жетекчиси Михаил Мишустиндин талапкерлигин сунуштап, аны Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости