www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир кездерде шайлоочуларынын алдында берген убадаларын унутта калтырган депутаттар бара-бара шайлоочуларынан качып, аларды көргүсү келбей калат эмеспи. Бирок, Жогорку Кеңеште бир депутат бар. Качан көрсөң шайлоочулардын арасында жүрөт. Маселени калың эл менен, жеринен чечкенге кызыкдар. Ал ким? Ал айтылуу Бекмамат Осмоновдун карындашы Айнура Осмонова.

Бул эл өкүлү чындыгында шайлоочуларынын купулуна толгондой. Башка депутаттар айдан түшкөнсүп шайлоочуларына барып калган болсо, жергиликтүү тургундар аларга “ушул кейпиң менен бир нерсе чечмек белең" -  дегенсип, көйгөйүн айткандан дагы заарканышат. Далга чапкылап, мактап-сактап кайра жолго салганга шашылышат. Бала-бакчадагы баланы соороткондой. Айрымдары чакан залга элди чогулталбай убара. Жакында журналист кызга "иди отсюда" - деген эргул депутаттын Чаткалдагы эл менен жолугушуусуна 15тей эле адам барганы эсиңердеби?

Ал эми Осмоновага шайлоочулар чыныгы көйгөйү менен кайрыла алышат экен. Эмнеге? Себеби, жыйынтык, кайтарымы болот деген үмүт менен. Айтсак, эл өкүлү жакында Жалал-Абадга болгон сапарында абдан олуттуу маселе көтөрүлдү. Ал китептер каталары менен чыгып жатканы, информатика сабагынан берилген китептер менен окуучуларды окутуу мүмкүн эместигин, интернеттен карап, Россиянын программасы менен окутуп жатышканын, дене-тарбия сабагынын азайганы, мугалимдер да үйгө муктаж экендиги (жеткиликтүү социалдык үйлөрдүн жоктугу), интерактивдүү смарт-доскалардын зарылдыгы, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча түрдүү семинарлардын керектиги, мектептерди психолог, медиктер менен камсыз кылуу, тарых жана география сабактарынан китептин жоктугу жана башка бир нече көйгөйлөрдү белгилешкен. Эми айтылган маселелердин баары өкмөт, билим берүү жана илим министрлиги менен тыгыз иштелип, чечүүнүн аракетине кириштиптир эл өкүлү Осмонова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости