www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы, кийин Түштүк Кореядагы экс-элчиси Кылычбек Султан Фейсбуктагы баракчасына президент Сооронбай Жээнбеков өзү көзөмөлгө албаса, Стамбулдагы Башкы консул жазадан кутулуп кетиши мүмкүн деп жазып чыкты.

Анын жазгандары толугу менен төмөндө:

“Сооронбай Жээнбековго ушул маалыматты жеткирүүнү АНЫН ЖАНЫНДАГЫ ЖҮРӨГҮ ТАЗА адамдардан суранам:

1. Стамбулдагы Башкы консулду Сооронбай Жээнбеков өзү коргоого албаса, анда чыныгы "Желмогуздар" кутулуп кетет.

2. ТИМ тараткан маалыматка таянсам, күнөөнүн баарын төмөнкү баскычтагы чиновниктерге жүктөп, "Чоң Желмогуздар" кутулуп кете тургандай сезилип жатат.

3. "Чоң Желмогуздардын" кийлигишүүсүсүз, калкалоосуусуз мындай иштер болушу мүмкүн эмес.

4. Бир нече жыл өтпөй Сооронбай Жээнбеков "айланамдагыларга ишенип жаңылыпмын" деп аттиң кылышы толук мүмкүн.

5. Бул кайрылуум көз жаздымда калбайт деп ишенем, албетте мен божомолдогон "Чоң Желмогуздардын" башында Сооронбай Жээнбеков өзү турбаса...”, -деп жазган экс-элчи.

Эске салсак, экс-элчи өзү мурда элчиликтердеги кемчиликтерди айта коём деп куугунтукка кабылдым деп айтып чыккан эле. Ал анда дал ушул Стамбулдагы консулдуктун ишине окшош мыйзам бузууларды да айтып чыкканы белгилүү. Анын айтымында, элчиликтерде элчиликтин атына жамынып алып өлкөгө автоунааларды бажы төлөмүсүз алып кирүү, ал унаага дипломаттык номер берүү, дипломаттык паспортторду ар кимдерге берүү сыяктуу мыйзамсыз иштер орун алып келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости