www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеште бир кездердеги Атамбаевдин жана КСДПнын “торпедасы” Евгения Строкова деген эл өкүлү бар.

Ар дайым бир нерсеге капа болуп, “ыйлактап” жүрөт. Эсиңерде болсо, 2015-жылы парламенттик шайлоодо “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров шайлоочулары менен жолугушууда жүргөндө, сахнага чыгып алып ким концерт койду эле? Туура, дал өзү, Евгения Строкова “шефинин” буйрутмасы мененби же өз демилгеси мененби Адахан Мадумаров менен шайлоочуларынын жолугушуусун үзгүлтүккө учуратып, ортого чыгып алып, ызы-чуу салып, ыйлап дагы жиберген. Жакында болсо Ж.Баласагын атындагы Улуттук университетти жоюп салалы деп түр укмуштуудай демилге көтөргөнү бардыгынын эле эсинде болсо керек. 

Мына эми ушул Строкова айымдын “Новое время” аттуу уюму бар экендиги аныкталды. Ал жерде депутат уюмдун негиздөөчүлөрүнүн бири. Айрым басылмалар анын “обороту” 2 млн. АКШ долларын түзөөрүн дагы жазып чыкты. Ал чет элдиктердин капиталы экен.  Социалдык фондго болсо аталган уюм кокон тыйын дагы которбоптур. Строкова айым аны уюм иштебей калгандыгы менен түшүндүрдү, айтымында бул уюм бар экендигин эсинен дагы чыгарып койгон имиш. Ушундай жомокко эми ким ишенет?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости