www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Армения Республикасынын президенти Армен Саркисян Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүзгө байланыштуу чын жүрөктөн куттуктоолорумду жана каалоолорумду кабыл алыңыз!

Сиздин мамлекеттик иштеги бай тажрыйбаңыз, эл аралык кызматташуудагы алака түзүү маселелерин чече билүү жөндөмүңүз эл аралык аренада Сизге чоң кадыр-барк алып келди.

Биздин элдерибиздин достук жана өз ара колдоо көрсөтүүгө негизделген мамилеси мындан ары да мамлекеттер аралык кызматташуунун эки тараптуу жана көп тараптуу форматтардагы натыйжалуулугун жогорулатат деп ишенем. Сизге бекем ден соолук, бакты-таалай жана бакубатуулук каалайм», - деп телеграммада белгиленген.

Последние новости