www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайм. Азербайжан менен Кыргызстандын өз ара мамилелери боордош элдерибиздин жалпы тарыхына, баалуулуктарына жана салтына негизделген. Сиздин эки тараптуу мамилелерди жана ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташтыкты бекемдөө боюнча жасаган аракеттериңиз абдан баалуу. 

Биздин өлкөгө келип, ар тараптуу пикир алышкан жолугушуубузду канааттануу менен эстейм. Ушул жаркын күндө Сизге бардык жакшылыктарды, бекем ден соолукту, бакыт жана жооптуу мамлекеттик ишиңизде ийгиликтерди каалайм», - деп айтылат телеграммада.

 

Последние новости