www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан Республикасынын Тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековду туулган күнү менен куттуктады.

«Туулган күнүңүз менен чын жүрөктөн куттуктайм. Сиздин Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнүн пайдубалын бекемдөөгө, элдин жашоо деңгээлин, эл аралык аренада өлкөнүн кадыр-баркын жогорулатууга багытталган иш-аракеттериңиз абдан маанилүү.

Казакстан менен Кыргызстандын жалпы кызыкчылыктарын канааттандырууга багытталган ар түрдүү тармактагы эки тараптуу кызматташтыгы биздин өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн кеңейе берет деп ишенем», — деп белгиленет Казакстандын Тунгуч президентинин куттуктоосунда.

Нурсултан Назарбаев Сооронбай Жээнбековго бекем ден-соолук жана кажыбас кайрат, жооптуу кызматында ийгиликтерди, ал эми боордош кыргыз элине бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Последние новости