www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президенттердин кол тийбестигин алуу боюнча мыйзам долбоорун депутаттар Исхак Масалиев менен Курманкул Зулушев демилгелеген. Депутаттар аны биринчи окууда жактырышкан.

Демилгечилердин бири Исхак Масалиевдин айтымында, депутаттар каникулдан келишээри менен бул мыйзам долбоорун карашат. "Учурда мыйзам долбоорунун үстүнөн парламенттин тийиштүү комитети иштеп жатат. Депутаттардын баары каникулдан келгенден кийин карайбыз", - дейт Масалиев.

Демилгечилер «Кыргыз Республикасынын президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдик тууралуу» мыйзамга түзөтүү киргизүүнү сунуштаган. Алар мыйзамдын 12-беренесиндеги экс-президенттин кол тийбестигине кепилдик берүү Конституцияга каршы келээрин айтышат. Башмыйзам алдында бардык жарандар бирдей болууга тийиш.Оошондон улам демилгеленип жаткан мыйзам долбоорунда аталган 12-берене алынып салынат.

Булак: "Майдан"

Последние новости