www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочулар иш таштайт экен деген маалымат желдей тарап элди кыжааалат кылган. Бул сөздөргө жооп иретинде маршруттук таксилердин айдоочулары элге кайрылуу жасады. Алар өз сөздөрүндө эч кандай иш таштабасын, учурда иш таштай турган мезгил эместигин түшүндүрүп өттү. Иш таштап коркутуп жатканча кредитти жапканыбыз оң дейт алар.
Бул сөздөрдү бышыктап Мэриядан да жооп кылып, элди дүрбөлөңгө салган жол кире тууралуу мэрдин кеңешчиси Гуля Алмамбетова төмөнкүлөрдү билдирди.
"Акыркы жолу жол кире 2012-жылы кымбаттаган. Андан бери унаа тетиктери, күйүүчү-майлоочу майлар кымбаттады. 2012-жылы шаарда 2800-3000 жакын маршруттук такси болсо, азыр 1900 маршруттук такси чыгып жатат. Жол кире бүгүн эртең эле кымбаттабайт. Бирок биз жол кирени кымбаттатууга багыт алдык. Мунун бардыгы мыйзам чегинде болот. Бул бир күндө эле чечилчү маселе эмес", — деди мэрдин кеңешчиси.
Булак: NazarNews.kg