www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Жалал-Абад шаарындагы №10 мекемеси менен Жалал-Абад милициясы абак жайына мыйзамсыз заттарга бөгөт коюу максатында биргеликте оперативдүү иш аракеттерди жүргүзүүдө. Анын натыйжасында, баңги затын алып кирип бара жаткан жергиликтүү депутат кармалды.
Декабрь айынын соңунда №10 Жаза өтүү мекемесинин ичинде, Ноокен районунун Арал айылынын тургуну, Арал айылдык кеңешинин депутаты, мурда соттолбогон 1976-жылы туулган Ө.А, ушул эле мекемеде жазасын өтөп жаткан тууганын көрүү (жолугушуу) үчүн келип, мекеменин кызматкерлери аны текшерүүгө алган учурунда, өзү кийип жүргөн кийиминен кургатылган “Гашиш” баңги заты (башка бирөөгө берүү максатын көздөп кирип бара жаткан жеринен) табылган.
Бул факты боюнча (мурдагы мыйзамга ылайык) Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн Тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-Жаза Кодексинин 247-статьясы ( Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды, алардын окшошторун же прекурсорлорду башкага берүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, ага тете эле мыйзамсыз өндүрүү же берүү) менен кылмыш иши козголуп, КРнын Кылмыш- Жаза Процессуалдык Кодексинин 94-сатьясынын негизинде 48 саатка Жалал-Абад ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө кызматы тарабынан ага карата бөгөт коюу чарасын эки айга камакка алуу өтүнүчү келтирилип, Жалал-Абад шаардык соту Тергөө кызматынын өтүнүчүн жарым жартылай канааттандырып, айыпкер депутат үй камагына алынган.
Азыркы учурда тергөө аракеттери жүрүүдө деп билдирет Жалал-Абад ОИИБнын Басма сөз кызматы.
Булак: NazarNews.kg