www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Буга чейин Интернетте милиция кызматкерлери өрт коркунучу бар жерде тамеки тарткан кишини кармаган видео тараган, бирок ал видео социалдык тармактарда "түкүргөндүгү үчүн кармалган аялдар" деген аталыш менен жайылып кеткен. Ош облустук ички иштер башкармалыгы соцтармактарда тараган маалыматты төгүндөдү.
"Бул видеодогу жагдай Ош облусунун райондорунун биринин аймагында болгон. Анда соцтармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, видеодогу аялдын күйөөсү өрт коркунучу жаралуучу жерде тамеки чеккендиги үчүн эскертип, түшүндүрүш үчүн милициянын таяныч пунктуна барышын өтүнүп, ал жаран менен таяныч пунктун көздөй бараткан кезде жарандын достору түшүнбөстүктөн тоскоолдук кылып видео тасмага тартып, туура эмес маалымат таркатышкан" - деп жазылган билдирүүдө.
Милиция кызматкерлеринин аракети мыйзам чегинде бузуунун бирдиктүү реестрине катталган. Ал жаран эскертилгендиги боюнча керектүү документке кол коюп берген соң үйүнө коё берилген.
1-январдан тартып ишке кирген Бузуу жөнүндөгү кодексте автоунааларды туура эмес токтоткондорго, тамекини тыюу салынган жерде тарткандарга, коомдук жайларда түкүргөндөргө, милицияга, өрт өчүрүү кызматына же "Тез жардамга" жалган маалымат бергендерге, лифттерге зыян тийгизгендерге, коомдук жайларда элдин тынчтыгын бузгандарга, таштандыны өрттөп же туш келди ыргыткандарга, көчөдөгү люктардын капкагын ачкандарга айыппулдар белгиленген.
Жаңы жобого ылайык, көчөдө, коомдук жайларда түкүргөн жаран 5,5 миң сом өлчөмүндө административдик жазага тартылат.
Булак: NazarNews.kg