www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КР УКМК ККК КР мамлекеттик органдардагы коррупцияга байланыштуу кылмыштарды аныктоо жана бөгөт коюу багытында жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Ички иштер башкармалыгында кызмат өтөөгө талапкерлерден ылайыктуулугун оң жака чечип медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактылары аныктады.
2020 жылдын 27-октябрында КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам- тергөө иш-чаранын жыйынтыгында КР ИИМ Медициналык башкармалыктын башчысы Аскердик- медициналык комиссиянын төрагасы, полковник «Ж.Ж.К.» кармалды. Кыргыз Республикасынын УКМК ККК тергөө кылмыш ишинин алкагында, КыргызРеспубликасынын Ички иштер башкармалыгынын кызматына талапкерлерден, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөндепартаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү ж.б.), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.
Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси (Пара алуу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК ККК Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин бош кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди тандоодо коррупциялык көрүнүштөргө катышкан бардык адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө жана ыкчам-издөө иш чараларын улантып жатат.
Булак: NazarNews.kg