www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Элдин негизги талаптары камтылган Конституциянын бирдиктүү долбоорун иштеп чыгуу үчүн Конституциялык кеңешме түзүлөт. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Галина Байтерек билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө коомчулукта жана бийликтин оппоненттеринин арасында кеңири талкууланып жаткан маселе – конституциялык реформа болуп саналат.

«Жалпы эл конституциялык реформага баруу идеясын колдоп жатса, эл аралык жана юридикалык коомчулук эки маселеге тынчсызданууда. Биринчиси, Конституциянын долбооруна эксперттердин, юристтердин жана жарандык коомчулуктун кеңири чөйрөсү тартылбастан, кулуарда даярдалып жатканына тынсчызданууда. Муну алар бийликти узурпациялоо катары баалашууда. Экинчиси, биринчи суроодон келип чыгууда – Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Конституциянын долбоорун иштеп чыгууну кимге тапшырат? Эл аралык коомчулуктун жана жарандык коомдун көз карашы боюнча, коомчулукта кеңири талкуу жана дискуссияларды өткөрүү менен конституциялык реформа жүргүзүү зарыл», - деди Галина Байтерек.

Ал президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө президенттик шайлоодон кийин барууну пландап жатканын айтты.

«Конституциялык реформа ачык-айкын жүргүзүлөт. Бүгүнкү күндө ар кандай саясатчылардын тобу, жарандык активисттер, эксперттер тарабынан сунуш кылынган Конституциянын долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгууда. Тажрыйбалуу адистердин баары Конституциялык кеңешменин курамына кирүүгө чакырылат. Бардыгына эшик ачык», - деди Галина Байтерек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости