www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баш мыйзам боюнча, дегеле чар тарабыздан биз бейдин мамлекетпиз. Муну бүт дүйнө билет. Дин баш оту менен мамлекеттен ажыратылган. Эч ким талашпайт. Бирок, акыркы кезде Абдышүкүр жана Чубак ажы деген исламдын туусун көтөрүп, андан башкаларды "капыр" деп атап жүргөндөр мына ушул кемтикти жамоо же өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары (балким башкалардын кызыкчылыгыдыр) үчүнүбү ФБда, сыналгы башка массалык маалымат каражаттарында ачык эле саясатка баш-оту менен киришип, акыл айтышып, тигини тигинт, муну ант, Жаңы жылды майрамдасаң капырсың, дегеле исламда эки эле майрам - Айт жана курман айт... дешип бир жагынан күлкү болушса, экинчи жагынан...
Муфтий өзү ырасмий түрдө Жаңы жыл майрамы боюнча түшүндүрмө бергенине карабай, ошол эски ышпалдасы чыккан ойун дале сагызгандай шакылдатып туру булар. Эмне үчүн? Маселе ушунда. Кечээ эле Абдышүкүр арак тууралуу былжырап илгери АШАсы айтканды кайталаса, Чубак ажы болсо өлүм жазасын киргизгиле, президент дегендин төрт катыны болсо гана иш оңолот дегендей келесоо ойлорду жаамы журтка тануулап киришти. Эми эл деген эл экен да.. Кыргыздын 90 пайызы ислам динин туткан соң, аттуу-баштуулар айтып жатышса, Куранда ошондой болсо керек деп ойлоп калышы мүмкүн да. " И-и, бул эки динчилер мына ушундан куп пайдаланып келишет. НПОчулары тияктан, булары бияктан...Жанагы “кудаймын” дегени бурчтан...
Сауд Аравия кимдин ынак досу экендигин бул эки "акылман" эле унутуп калбаса, калганыбыз сопсонун билип турабыз. Кала берсе, Чубак ажысы парламентке бара койом дегени да таң калтырды. Акетай, мейли депутат бол, жарансың, укугуң бар, бирок ал жерде курандан, шарияттан сүрөө-аятты айтасыңбы же Баш мыйзамдын кайрыктарын созосуңбу? Маселе ушунда...
Айтаарыбыз эле бул: ар ким өзүнүн ордунда, өзүнүн ишин жасаса, тагыраагы чымчыкты да касапчы сойсун... Мечитке барып маселеңи айт, элди жакшылыкка үндө, сабырдуулукка чакыр... балээ барбы саясатта...
Кечирип койгула, башкачараак айталбадым.
Булак: "КабарИнфо"