www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Санарип ID" виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу мекеменин Facebook баракчасына жарыяланган.

Маалыматка караганда, виртуалдык паспорт мамлекеттик тейлөөнүн электрондук түрүн пайдаланып, бейтапканага, мектепке онлайн түрүндө кезекке туруп, интернет-банкинг кызматтарын телефон аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

"Жеке маалымат смартфондо узакка сакталбайт, бирок анын коопсуздугунун жогорку деңгээлде корголушуна кепилдик берет.

Баары электрондук кол коюу аркылуу иштейт", — деп айтылат маалыматта.

 

Долбоорду 2020-жылы апрелде ишке берүү каралууда.

Мындан тышкары, "Инфокомдун" планында айдоочулук күбөлүктүн, эмгек китепчесинин, транспорт каражатын каттоо туурасында күбөлүктүн жана башка документтердин электрондук түрүн чыгаруу бар.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости