www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамптын Ак үйдүн кеңешчиси болгон кызы Иванка Трамп атасынын өзүнө Дүйнө банкынын төрайымы болууну каалап же каалабай тургандыгын сурагандыгын бирок бул сунушка жылуу карабагандыгын айтты.

Иванка Трамп Аялдардын глобалдык өнүгүү жана бейкуттук демилгесинин негизинде жасаган Африка сапарында Associated Press маалымат агенттигинин кабарчылары менен өткөргөн маектешүүдө атасынын өзүнө Дүйнө банкынын төрайымы болууну каалап же каалабагандыгын сурагандыгын айтты.

Трамп атасынын бул ишке кызыкпагандыгын, башкаруудагы кызматынан кубанычтуу экендигин айтканын белгилеп АКШнын казына министрлигинин эл аралык иштер боюнча жооптуу кеңешчиси Дэвид Малпасстын Дүйнө банкынын төрагалыгына талапкер көрсөтүү процессинде роль алгандыгын белгиледи.

Президент Доланьд Трамп казына министрлигинин эл аралык иштерден жооптуу кеңешчиси Дэвид Малпассты Дүйнө банкынын төрагалыгына талапкер көрсөткөн.

Америка медиасында орун алган кабарларда Малпасстын Трампка казына министри Стивен Мунчин жана кызы Иванка Трамп тарабынан сунуш кылынгандыгы айтылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости