www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Активист Адиль турдукулов менен байланышып, КСДПнын чыныгы мүчөлөрү мындан ары кандай кадамга бараары тууралуу сүйлөштүк.

-Адилет министрлиги Экинчи ирет КСДПны каттаганы партияларга рейдерлик кылууга жол ачканыбы?

- “Адилет” министрлиги, партиянын негизги документтерине кандайдыр бир өзгөртүүлөрдү киргизгенге эч кандай укугу жок болчу. “Кыргыздрамтеатрдагы” фейк-съезди мыйзамдуу деп эсептеген күндө дагы, төраганы алмаштырыш үчүн мурунку саясый кеңештин мүчөлөрү бул боюнча добуш бериш керек болчу. Андай болгон жок. Керек болсо аны демилгелеген Иса Өмүркулов өзү келген жок. Ошондуктан Адилет министрлигинин жасап жаткан манипуляциясы кылмышка тете. Ал үчүн Адилет министрлиги  жакын аралыкта сөзсүз соттун алдында жооп берет.

-Партияны күч менен тартып алса, шайлоого катышпай каласыңарбы?

-Партияны күч менен тартып алса да, шайлоого башка ат менен бирок чыныгы «КСДП” менен бара беребиз. Бирок бийлик өзү, шайлоого эмес, башка нааразычылык акцияга басым жасаганга түртүп жатат.

-Атамбаевдин чыныгы КСДПчылардын мындан аркы аракети кандай болот?

-Бийлик 4-президентти мыйзамсыз жолго түртүүгө аракеттенип, болгон күчүн жумшап жатат. Ошондуктан биз дагы көбүнесе шайлоого барабыз деп даярданып жүргөнбүз. Алар бизди көчөгө чыгууга мажбур кылып жатышат. Ошондуктан, июнь айында чоң митинг өткөрөлү деп жатабыз. Ал кандай форматта болоорун талкуулап жатабыз. Бирок, ал жерде жалаң эле КСДПнын мүчөлөрү эмес, башка да саясий күчтөр болот.

-Экс-президенттин бийликке кайрылып, талаптарды аткарбасаң эки айдан кийин митингге чыгабыз дегени үчүн партияны тартып алуу күч алдыбы?

-Партияны тартып алуу аракети буга чейин эле башталган. Бийлик шайлоого КСДП деген партиянын аты менен катышайын деген окшойт. КСДП менен Атамбаев ажырагыс экенин билгенден кийин партияны бөлүп-жаруу аракетин күч алдырышты. Бирок, ал аракеттери да толук ишке ашпай калды. Ошон үчүн мыйзамды бузуп, Адилет министрлигинен каттатып алууга аракет кылышты. Алар каттатып алдык дешкени менен биз да партияны сактап калуунун мыйзамдуу жолдорун карап жатабыз.

Бүгүн КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаев партиянын атынан Башкы прокурорго кайрылды. Анткени, прокуратура мыйзамдуулукту сактай турган жана ага көзөмөл кылган башкы орган. Биз башкы органга мыйзамды одоно бузган Адилет министри Жаманкуловду жана ага кол-кабыш кылгандарды жоопко тартуу боюнча кайрылуу жөнөттүк. Мыйзамсыздыкка жол берген Адилет министрлигинин алдында дагы кандайдыр бир акция уюштурууну да ойлонуштуруп жатабыз.   

Чынайым Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости