www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын мурунку президенти Дональд Трамп Ак үйдөн чыккандан кийин бактылуу жана социалдык тармактарсыз деле өзүң жакшы сезип жатат.Бул тууралуу анын улук кеңешчиси Джейсон Миллер айтканын чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

«Президенттиктен кеткенден кийин абдан жакшы маанайда болду, үй-бүлөсү менен чогуу өткөргөн кызыктуу убактылары болду. Көп жылдардан бери президенттин мындай эс алганын биринчи жолу көрдүм»,- деп билдирген Миллер Times гезитине.

Миллер Трамп туугандары жана башка үй-бүлө мүчөлөрү менен кошо Флоридага учуп барган учакта болгону да айтылат.

«Президент буга чейин болуп көрбөгөндөй бактылуу экендигин айтты. Ал чындыгында социалдык тармактарда болбогонубуз жана ал жакта ​​көп болуп калган жек көрүүлөрдөн алыс болгонубуз жакшы дейт, — деди Трамптын кеңешчиси.

Анын айтымында, Трамптын жубайы Меланияга бул кырдаал толугу менен жагат жана ал «алда канча бактылуу».

Twitch, Twitter, Facebook, YouTube жана Instagram буга чейин Трамптын Вашингтондогу 6-январдагы башаламандыктар боюнча билдирүүлөрүнөн улам ар кандай мезгилдерде анын эсептерин ар кандай мөөнөттөрдө жаап турушкан. Буга Вашингтондогу Капитолий имаратын басып алган демонстранттарга видео жана SMS билдирүүлөр себеп болгон. Бир тараптан аларды өзүн-өзү тынч алып жүрүүгө жана үйүнө кетүүгө чакырган Трамп аларды патриоттор деп атаган жайы бар.

Дональд Трамп 2020-жылы өткөн президенттик шайлоодо Жо Байденге жеңилип калган. Бирок ал шайлоодо добуштар бурмаланганын айтып, жыйынтыгын тааныбай турганын жар салган. Ал Байдендин ант берүү аземине да катышкан жок. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости