www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курманбек Бакиевдин тушунда Транспорт жана жол министри болуп иштеген Нурлан Суйлайманов деген бар. Азыркы тапта кабмин тѳрагасы Акылбек Жапаровдун кеңешчиси. Балыкчы, балыкчыны алыстан тааныйт дегендей, издешпей табышыптыр. Сыягы, коррупция жыттанган жыттары сиңишип калса керек.

Анткени, Башкы прокуратура Нурлан Сулаймановго жол куруу тендерлерин мыйзамсыз өткөргөн деген шек менен 2012-жылы кылмыш ишин козгогон. Ал Кылмыш жаза кодексинин 304-статьясы (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 306-статьясы (Мамлекеттик сатып алууда өлкө кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюу) боюнча айыпталган. Анын мамлекеттик казынага келтирилген зыяны дээрлик 250 миллион сомго бааланган.

Ал учурда Нурлан Сулайманов 2010-жылкы шайлоодо Жогорку Кеңешке»Ата Журт» партиясынан депутат болуп келген эл өкүлү болчу. Кылмыш иши Аида Сальянова башкы прокурор болуп турганда ачылган. Камала турган болгон чет өлкөгө качып кеткен. 2014-жылы ага эл аралык издөө жарыяланган. БШК депутат парламент жыйындарына 30 жолудан ашык катышпагандыгы үчүн ыйгарым укуктарынан ажыраткан. 

Натыйжада, Алмазбек Атамбаев бийлигин Сооронбай Жээнбековго өткөрүп бергенден кийин Кыргызстанга келди. Албетте, ээн-эркин кирип келе алмак эмес. Соода катуу жүрсө керек, куйругунда калбырын тазалап, мөөнөтү өтүп кетти деген жүйѳ менен кылмыш ишин кыскартып алыптыр. Алдар көсө болбосоң коё кал. Ичип-жеп качып кетип, чет өлкөдө сайран куруп жүрүп, анан кылмыш иши эскирип, мөөнөтү өттү деп кайра келип, мамлекеттик кызматка иштей берсе жараша берет экен да. Мындай «чудо» бизде гана болсо керек. 

Дегенибиз, «элдин ырыскысын жеген» Сулайманов 2020-жылкы жокко чыккан парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынан депутат болом деп чыкпадыбы. Анан революция болуп кетип, тилеги таш каап, отуруп калды. Бирок чырмооктой чырмалышып жаңы бийликтин койнунан чыкты. Түз эле Акылбек Жапаровдун колтугунан орун алды, акыл айткан кеңешчи болуп. Учурда Транспорт министрлигин көнгөн адатынча көмүскөдө башкарып жаткан кези… Канчалаган тендерди будамайлап жатты экен.

Анысы аз өңдөнүп баласы Элдар Сулаймановду Жогорку Кеңешке депутат кылды. Эр экен. Эбин тапкан эки жейт деген ушул.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости