www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Масалиев: Эки министрди кызматтан алуу керек

Бүгүн, 19-январда Жогорку Кеңештин жыйынында калкты жылуулук, электроэнергия жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча Министрлер кабинетинин маалыматы угулуп жаткан учурда депутат Исхак Масалиев милдетин аткаралбай жаткандыгы үчүн, эки министрди кызматынан кетүүнү президентке сунуш кылуу керектигин айтты.

Ал тиешелүү жетекчилерден абанын сапатынын начардыгына байланыштуу Бишкек шаарына өзгөчө кырдаал киргизүү керекпи деген суроону салды. ӨКМнын жана экология министринин өкүлдөрү андай кадамга баруунун зарылчылыгы жок экенин билдиришти.

"Учурда Бишкек шаарынын абалына байланыштуу экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова жана Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевди кызматтан алууну сунуштайм. Алы келбесе ордун бошотушсун. 

Туура, Бишкектин айланасында 26 жаңы конуш пайда болду. Бирок эл күнөөлүү эмес. Ушундай акыбалга келишине мына биз жетекчилер күнөөлүүбүз. Алты ай мурун баары даяр дегенсиңер. Эч кандай даярдык болбоптур", - деди Масалиев.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости