www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таңгаласың да. Токмок шаарынын вице-мэрлигине Жаныбек Аралбаев улам конкурстан өтпөй жатып, акыры күч менен дайындалганын кандайча түшүнөбүз? Таянган тоосу чоң окшойт.

Бул эргул 2016-жылы Чүй ОИИБнин 5-башкармалыгын жетектеп турганда, контрабандалык товар кармап, 60 миң доллар пара алганбы? Артынан кылмыш иши козголгондо качып кеткенби? Эки кызматкери камалганбы? Мындай соболдорго Жаныбек Аралбаев жооп бере алабы? Дал ушул резонанс боюнча андагы Чүй ОИИБ начальниги Капар Батырканов өз арызы менен кызматтан кеткени айтылып келет.

Ток этерине келсек, артынан сөз ээрчиткен адам Токмок шаарынын вице-мэри болуп отурса, эл эмне дейт? Кадр тандоодо президенттин администрациясы тыкыр көзөмөл жүргүзүп, татыктууларды тандаса (!) деген гана сунуш. Натыйжада, УКМК Жаныбек Аралбаевдин өткөн чагын иликтөө менен адилеттүү баасын береби?

Булак: Азия News гезити

Последние новости